Нарын шаарында 10 жылдыктар 9 үй-бүлөгө үй белек кылышты

Нарын шаарынын 2012-жылдын бүтүрүүчүлөрү, 1994-жылкы жигиттери чогулуп 10 жылдык мааракеге карата 9 үй-бүлөгө үй тапшырды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Адилет Черикчиев социалдык баракчасы аркылуу билдирген.

«Көптөн күткөн күн келип, бүгүн Кудайга жаккан жакшы бир иш кылдык. Нарын шаарындагы 1994-жылкы жигиттер чогулуп, 10 жылдык мааракени улай кайрымдуулук ишин өткөрүүнү пландаганбыз. Алыс жакта жүргөн жигиттерибиз да сырттан карап турбастан салым кошуп, акчаларын которуп жатышты. Жыйынтыгы биз ойлогондон да жакшы болуп, 9 үй-бүлөгө 9 үй белек кылдык. Кайдыгер карабай соопчулук иш кылганыңардын өзү чоң эрдик. Аз да болсо коомубузга, элге салым кошуп жүрө берели», — деп жазган иш-чаранын уюштуруучусу Адилет Черикчиев.