Нарында 300 окуучу манас айтты. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында окуучулар арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Республикалык сынактын алкагында Нарын шаарында 300 окуучу манас айтышты. Иш-чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышышты. «Урааным Манас» аталыштагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты улуттун улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу.
Эртең, 22-декабрда түнкүсүн тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн...
Бишкекте мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин Орто-Сай жана Аламүдүн базарларына текшерүүсү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти....
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады. Ал 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Садыр Жапаров...
"Оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын чакырдык, бирок келбей коюшту. Баш тартышты десек да болот. "Азаттык" Прагадан уруксат сурайлы дептир, жыйынтыгында уруксат...