Нарында бекилип калган батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Нарын шаарындагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан №104 көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачышып, батирдин бөлмөсүнөн 1960-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.