Нарында жер талаштан чыккан чыр. Тургундар ок чыгарган жарандын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышууда

Буга чейин милициядан Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алганын билдиришкен. Бүгүнкү күнү тургундар ок чыгарган жарандын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, милиция жергиликтүү тургундар менен 3 жолу жолугушуу өткөргөн. «Айыл тургундарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн өкүлдөрү буга чейин айылдын башка тургундарына кысым көрсөтүп, ур-токмокко алуу фактылары катталып, адамдар ооруканага жеткирилген. Жергиликтүүлөр ок атылгандан кийин да кечирим сурап келбей, жабырлануучуларга жардам бербей жатканына нааразы. Мен башка тарап менен да жолуктум. Алар жарадар болгон балдарга жардам берүүгө даяр, бирок азырынча айылдаштарына баруудан коркуп жатышыптыр. Сүйлөшүп, аксакалдарды да угууну өтүндүк», — деди ОИИБдин начальниги Алмазбек Жумабеков.