Кечээ, 13-майда саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын кесепетинен Ат-Башы айылынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.