Нарында медайым антисептик сайып алган келиндин окуясы. Эжеси келиндин жатынын алып салышканын айтты

Нарында кош бойлуу кезинде медайым антисептик сайып алган келиндин эжеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сиңдисинин жатыны жок экенин билишкенин айтты.

«Биз, өзү да бул жөнүндө билген эмеспиз. Бизге эч ким айткан эмес. Көрсө, сиңдимдин жатынын алып салышыптыр. Бизге төрөгөндөн 1 айдан кийин дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтөсүңөр дешкен. Бишкекке келип, анын жатыны жок экенин билдик»,- дейт эжеси.

Ал ошондой эле муну укканда келин стресске түшүп кеткенин айтты. «Сиңдим стресс болуп жатат. Аны кичине алаксысын деп Ысык-Көлгө жөнөттүк. Айтпай эле койсокпу дегенбиз. Бирок «чындыкты бөтөн бирөөдөн угуп калбасын» деп, айтканга туура келди. Анын эки кызы бар. Кичүүсүнө 3 ай болуп калды. Андан улуусу дагы кыз»,- деди ал.

Келиндин эжеси дагы, жолдошу дагы антисептик сайган кызматкерге тосмо арыз жазбаганын айтты. «Жаңылыктардан окудук, ал менин билишимче кайра эле иштеп жатыптыр. Биз карап отура алган жокпуз»,- деди эжеси.

Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге антисептик сайып алганы маалым болгон. Жолдошу келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге кесарево операциясы жасалып, 3килограмм 500грамм салмактагы дени сак кыз төрөлгөн.