Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Куш, Кең-Суу айылынын окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн райондун өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сомго 2 кичи автобус алып берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кең-Суу айылында мектеп жок болгондуктан айылдын 30дан ашык окуучусу 15 чакырым алыстыктагы Табылгыты айылындагы Орозалиев атындагы орто мектепке барып келип окушат.
Балдарды ташыган эски унаа тар жана муздак болгондуктан бир топ ыңгайсыздык жаратчу.
Миң-Куш айылынын балдары дагы 3-4 чакырым алыстыкка жөө барып келип окушчу. «Бүгүнкү күндө Кең-Суу айылына жаңы мектеп курулуп жатат. Таза суу системасы киргизилүүдө. Белгилүү болгондой, өткөн жылы электр энергиясы киргизилген», — деп айтылат маалыматта.