Бүгүн, 15-майда Өзөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары менен Ак-Талаа районундагы айылдардын жашоочуларынан жана турак-жайларынан кабар алууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Мындагы жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн, имараттардын абалы менен таанышуу учурунда тургундарга коопсуздук эрежелери жана курулуштардын абалы тууралуу кеңештерин берди»,- деп айтылат маалыматта.
12-майда Ак-Талаа районунда 4 жана 5,5 баллдык жер титирөө катталган. Комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароолордон өткөрүлгөн.