Бүгүн, 12-майда саат 12:38де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 баллга, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 баллга, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш айылдарында 3,5 баллга, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылдарында 3 баллга, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.













