Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев социалдык тармактагы баракчасына ырчы Назима Радбекова боюнча пост жазды.
«Назима Радбекова жаңы, чоң сахнага кадам таштаган ырчы. Кийинки убактарда Назиманын дарегине жаман сөздөр айтылып, клиптерден үзүндүлөр жаныбыздагы эле адамдар аркылуу уурдалып, жаманатты кылганга аракеттер болуп жатат. Ошол окуяларга сабырдуулук кылып келдик, бирок жакын арада укук коргоо органдары аркылуу кара пиарды уюштуруп аткан интернет айдыңындагы хейттерге күрөш башталат. Жекеликке кара мүртөздүк, кемсинтүү, акарат кылган видео пабликтер жоопко тартылат. Мыйзам азыр бул нерсеге жол берет. Ошол бизди шылдыңдаган видео же сүрөттөр болсо, бул постту эскертүү катары кабыл алып, азыртан өчүргүлө.
Достор, жакшы сөз, каалоо тилек айтып коё албаган соң, унчукпай өтүп кетсе болот. Сөгүнүп жазган аккаунттарды күч органдары учурда 5 минутта таап алат. Назима жаш ырчы, хейт эмес сиздердин колдооңуздарга муктаж, мени туура түшүнөсүздөр деген ойдомун. Сураныч мени Назимадан, аны менден кызганбагыла. Кыскасы тийишпегиле Назимага өтүнүч, достор»,- деп жазды ал.