Назым Мендебаиров: «Азиздин сөөк башында сүйлөйм деген оюм жок эле»

«Азиздин сөөк башында сүйлөйм деген оюм жок эле». Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнатында сүйлөгөн кесиптеши, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров айтты.

«Азиздин сөөк башында сүйлөйм деген оюм жок эле. Дарыланып келгенде башын куттуктап сүйлөйм го дегем. Эл артистигин алганда же дагы башка жакшылыгында куттуктасам болмок. Бирок Азиз бизден боосун үзүп, учуп кетти. Жаштык жигер менен ойногон ролдору эми бүтүп, олуттуу, мыкты ролдорду элине тартуулай турган маалда кете берди. Дайыма жаркылдап турчу. 20 жылга жакын чогуу иштештик. Өзү ачка турса да тең бөлүшкөндү билген мыкты жолдош элең. Кош, боорум!» — деди ал.