Нефтетрейдерлер ассоциациясы: «Өлкөдө бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайт»

Күйүүчү майдын баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, октябрь айынын башында Орусиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттаган. Буга товардын тартыштыгы, ага болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болсо, учурда эки ири завод оңдоо иштерине жабылган.

Октябрда баалардын кескин өсүп кетиши республиканын аймактарында 40тан ашык май куюучу жайдын иштебей калышына алып келген. Бааны ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюу жайларынын жабылышына себеп болот. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө бензиндин бир литринин өздүк наркы сатылып жаткан баасынан 8-9 сомго кымбат экени айтылды.