Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Ноокат — Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.
Президент бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды. Оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.
Буга чейин октябрь айында транспорт министри Тилек Текебаев кийинки жылга Ноокат жолун бүтүрүп берем деп убадалап, депутат Жусупбек Коргонбай уулуна кол берген болчу. Ушул жылдын январь айында депутат болуп турган Алтынбек Сулайманов «Чыдам бүттү. Ноокаттагы жолду бүтүргүлө деп, эл трассага жатып алсынбы?» деген эле. 2021-жылы ноокаттыктар тамтыгы чыккан жолго нааразы болуп, акция өткөрүшкөн.