Ноокатта 16 жыл мурун сатылып кеткен бала бакчанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктура объектисинин мыйзамсыз сатылган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2005-жылы «Арал» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын токтому менен Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн менчигинде турган «Арал» бала бакчасынын 0,18 гектар болгон жер тилкеси жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. Жерди кайтарып алуу максатында, көзөмөл органы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо арыздар келтирилген. Соттук кароолордун жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 3 миллион 75 миң сом болгон 0,18 гектар аянттагы бала бакчанын жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.