Ноокатта 3 эм төрөлдү. Бийлик үй-бүлөгө жер тилке берет (сүрөт)

Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Ракыя Сабырова аттуу Арык-Тейит айылынын 36 жаштагы тургуну үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Данияр Иманалиев, айыл өкмөт башчысы ымыркайлардын жана эненин абалынан кабар алышып, ымыркайларга белектерди жана акчалай жардамдарды беришкен. Аким үч эм ымыркайга бекем ден соолук, берекелүү өмүр каалап, жер трансформация болоору менен турак жай курууга жер ажыратып, курулуш материалдарынан жардам берүүнү айыл өкмөт башчысына тапшырды. Учурда ымыркайлардын жана эненин абалы жакшы.