12 жаштагы Мираж Акбаев Бекжан Темирхандын “Сурмаларың”, “Мадам”, “Кантем” жана башка ырларын синтезаторго салып тойлордо ырдап жүрөт. Жаш туруп күйөрман топтоого үлгүргөн бала менен Ош шаарынын чок ортосунда сейилбакта ырдап, маектештик.
«Тойлорго чыгам. Көбүнчө үйлөнүү тойдо акча кыстарышат. Ырчылык атамдан жуккан. Атам көптөн бери музыкага кызыгат. Мен көп ырчыларды жакшы көрөм. Алардын арасында Эрлан Андашев, Ильяз Абдразаков, Данияр Эрматов бар. Бекжан Темирханды кумир тутчу элем»,— деди ал.