Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын үй-бүлөсүнүн көчүп кетүүсүн талап кылышат

21-ноябрь күнү саат 11:00дө Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында элдик жыйын болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары менен байланышканда маалым болду.

Маалыматка караганда, жыйындын негизги максаты 19 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген кишини өлүм жазасына тарттыруу жана үй-бүлөсүнүн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылуу.