Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61 номурларына кайрылсаңыздар болот.