Ноокенде өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын апасы: «Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылсын»

Сүрөт маркумдун жакындарынын уруксаты менен жарыяланды.

8-ноябрь күнү Ноокенде сайдан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын апасы шектүү кармалганын айтып, сот акыйкаттык чечим чыгарып берүүсүн суранды.

«Шектүү кармалды, кечээ милицияга барып келдим. Кызымдын толстовкасы менен спорттук бут кийими шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табылган экен. Азыр телефон, баштыгынын кайда экени дайынсыз болуп жатат. Эгер өлкөдө өлүм жазасы болгондо, өлүп жазасын бергиле демекмин. Тилекке каршы өмүр бою эркинен ажыратылуусун талап кылып жатабыз. Же биздин колубузга берсе деп суранат элек, бирок мыйзам чегинде жазалансын. Шектүүнүн үй-бүлөсү бар экен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча анын 3 кызы, 1 уулу бар экен», — деди ал.