Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Нооруз майрамы шаңдуу өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана башка жетекчилер катышып, облус тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктап ийгиликтерди, молчулукту жана бейкутчулук каалашты.