Нооруз майрамына карата «Ала-Тоо» аянтында унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамына карата унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билидиришти.

17-марттан 22-мартка чейин Чүй проспектиси, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин, Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Абдымомунов көчөсүнөн Чүй простпектисине чейин жабылат

Милициянын кайгуул кызматы, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайт.