SUPERTV’нын “Бейишим ата-энем” долбоорунун кезектеги каармандары Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков менен апасы Суусаркан Шекеева болду.
Апасынын айтымында, Нуржигит Кадырбеков алты бир туугандын бешинчиси. «1977-жылы 31-мартта төрөлдү. Ал мезгилде жакшы эле болуп калганбыз. Атасы да, мен да иштеп. Мен мектеп директор болчумун. Атасы совхоздо башкы прораб эле. Уулум төрөлгөндө унаабыз бар болчу. Уулум төрөлгөндө абдан жамгыр жаап турганы эсимде», — дейт апасы.
Эл өкүлүнүн айтымында, ал чоң апа, чоң атасынын колунда өскөн. «6-7 жашымда ата-энемдин колуна келдим. Чоң атамдар менен атамдар катарлаш эле жашашчу. Анан мен карындашым менен ойноп, телевизор көргүм келип, атамдардыкына келчүмүн. Кеч кирет. Кээде уктап калам. Андай күндөрү чоң атам таарынат эле. Чоң атамдардын эрмек тутканы мен болчумун», — дейт Кадырбеков.










