Нурланбек Шакиев «өзүңүз ордуңузда отурбай жатасыз» дегендерге жооп берди

«Талаптарды катуу күчөткөндөн кийин менин дарегиме кыйыр түрдө суроолор болуп жатат», — деди Жогорку Кеңештин төргасы Нурланбек Шакиев парламент жыйынында.

«Көбүнчө «өзүңүз ордуңузда отурбай жатасыз, өзүңүздөн баштабайсызбы» деген. Мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары бир топ мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышат экенмин. Андан тышкары, коомдогу ар кайсы топтордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын миссияларынын жетекчилерин кабыл алуу болот экен. Мен бул жерде отурбаганым менен өз ишимди аткарып жатканымды белгилеп коёюн. Үч орун басар бар, менин жоктугуман жыйын үзгүлтүккө учурабайт», — деди ал.