«Нью-Йоркто жашап жатабызбы?». Өзгөндүн мэринин бүтүрүүчүлөрдү сындап жатканы видеого түшүп калган

Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров №1 Салижан Шарипов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн англис тилинде жазылган тасма үчүн сынга алган. 

«Айтпай деле койсом болмок. Айтканга аргасыз болуп жатам. Балким бул бүтүрүүчүлөрдүн жеке ойлору болсо керек, мен өз оюмду айтып коёюн. Кайсы мамлекетте жашап жатабыз? Кыргызстан деген мамлекетте. Кайсы тили бар? Кыргыз тили бар. Ошол жерде дагы бир тил — орус тили. Алдагы тасмаңарга англис тилинде жазып алып, Нью-Йоркто жашап жатабызбы? Бул маселе мени ойлондуруп койду. Кыргызстан деп жашашыңар керек», — деген ал.