Буга чейин Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс балдарды коргоо иш-чарасына кыргызстандык Chapansar брендинин чапанын кийип барган. Чапандар Жумагүл Сариеванын дизайнердик студиясында тигилгени маалым болгон.
Жумагүл Сариева социалдык тармактагы баракчасына чапан Садыр Жапаровдун атынан белекке берилгенин жазды.
«Бардыңыздарга колдоо көрсөтүп, жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чынында эле Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамстын президентибиз Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген биздин чапаныбызды кийип чыкканына таң калып, кубандык. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бренддерди колдоп, ишеним артып, тандоо үчүн Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда тынчтыкты жана бекем достукту каалайбыз», — деп жазды ал.