«Өгөй ата досу менен 16 жаштагы кызды зордуктап, видеого тартып». Милиция экспертизалар дайын боло электигин билдирди

Социалдык тармактын колдонуучусу Бишкектин четиндеги айылдардын биринде 16 жаштагы кызды өгөй атасы менен анын досу зордуктап, видеого тартканын жазып чыкты. Ошондой эле шектүүлөрдү Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери бошотуп койгону маалымдалды.

«Бул иш жөнөкөй иш эмес. 50 жаштагы эки киши кызды зордуктап видеого тартканы оор кылмыш иш. Өгөй ата көп убакыттан бери зордуктап жүргөн. Кыз 14 жаштагы кезинде ага сүйүүсүн арнап, үйүндө ич кийими жок жүрүүгө мажбурлаган. А милиция аларды эркиндикке чыгарып жатат. Ал эми кишинин туугандары аны түрмөгө отургузса, кызды да, анын апасын да өлтүрөбүз деп коркутушкан», — деп жазды ал.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти. «2022-жылдын август айында Аламүдүн РИИБге 1984-жылы туулган жаран кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. 1972-жылы туулган жарандын 2006-жылы биринчи турмушунан туулган кызын зордуктап салганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иши башталган. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды. Учурда психологиялык-психиатриялык экспертиза даяр эмес. Материал боюнча бардык экспертизалар алынгандан кийин процессуалдык чечим кабыл алынат», — дешти.