SUPERTV бул жолу 29 жаштагы 4 балалуу жалгыз бой эненин тагдырын баяндайт. Каарманыбыз “Күйөөм сулууланып, өзүн каранып жүргөн келинге кетип калды. Ал ойношу менен кетсе да, кайненем менен жашап жүрө бердим” дейт. Бала кезинде да кордук көрүп чоңойгонун айткан Жайнагүл Сүйүналиева башынан өткөн оор тагдырдын айтып берди.
«5-6-класска чейин жакшы эле окуп жүрдүм. Өгөй атамдын колунда чоңойгом. Ал баары бир өгөйлүгүн кылат экен. Анын мага кылбаган кылыгы калган эмес. Анан апам мени андан алыстасын деп, бай сиңдисинин колуна берген. Анын балдарын карап, 2 жылдай жүрдүм. Мени өгөй атам урчу, 3-4 жашымда мени өлтүрөм деген ойдо курсагымды мешке тосуп, күйгүзөм деп… Ичим ошондон бырышып-тырышып калган. Ошондон улам балдарымдын өгөй атанын колуна түшүп, кордук көрүшүн каалабайм. Күйөөм баары бир келбейт», — дейт ызаланган келин.












