Буга чейин Кыргызстанда 26-30-июнь күндөрү мээ кайнаткан ысык болору тууралуу маалымдалган.
Ысык абадан сактануунун жолдору тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат беришти.
Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактануу керек?
Колдон келишинче күн нуру түз тийген жерден качып, көлөкөдө болуу.
Күн нурунан сактоочу баш кийим, табигый кездемеден ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек. Синтетикалык кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн.
Көбүрөөк (2-3 литр) суу ичүү. Кайнаган сууну жылытып же газдалбаган минералдык суу, чайларды ичүү туура. Газдалган, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек.
Өтө муздак сууну да ичүүгө болбойт. Ангина козголуп кетиши ыктымал.
Сууга түшүп организмди салкындатса болот, бирок сууга түшүүнүн эрежелерин сактап, алкоголдук ичимдиктерди ичпөө зарыл.
Тыюу салынган көлмөлөргө сууга түшпөө.