Abank
SerepTV Logo

ӨКМ: "Арал постуна киргизилген чектөө алынган"

ӨКМ: "Арал постуна киргизилген чектөө алынган"

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Токтогул районунда жайгашкан "Арал" постуна кечээ, 18-октябрда саат 18:40тан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

ӨКМ бүгүн, 19-октябрда "Арал" постундагы чектөө саат 09:00дө алынганын билдирди.