Бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты. ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.
Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техникасы даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн Райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 бирдик автоунаа тартылды.
Абал курчуган айылдардан жалпы 18 миң 507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 миң 799 жаран (3398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.