Чүй облусунда жайгашкан бийик тоолуу көлдөрдүн абалын изилдөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан:
-Кемин районунун, Көк-Ойрок жайлоосундагы Жинди-Суу суусу;
-Сокулук районундагы Төш-Булак айыл аймагында жайгашкан бийик тоолу Чоң-Төр-1, Чоң-Төр-2, Чоң-Төр-3 көлдөрүнүн деңгээли текшерилип коркунуч жок экендиги аныкталды.