ӨКМ: «Электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн жок»

Электр жарыгы өчкөн учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына өлкө боюнча 500гө жакын чалуу болгон. Электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн жок. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жарандардын чалуулары тек гана электр жарыгы эмне себептен өчкөдүгү жана качан күйө тургандыгы тууралуу болгон. Учурда 112 кызматы үзгүлтүксүз иштеп жаткандыгын жана ӨКМдин Куткаруу кызматтары ыкчам түрдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришет.