Оксфорд университетинде кыргыз тил курсу ачылары айтылды

Кылым карыткан кыргыз тили дүйнө өлкөлөрүн да кызыктырууда. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев жазды.

«Байыркы элдин тилин билүү ошол чөлкөмдүн маданиятын таанууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген Оксфорд университетинин жетекчилери дүйнөлүк окуу жайда кыргыз тил курсу ачыларын айтышты. Тарыхый иш сапарыбыз учурунда айтылган бул кабар бизге чоң кубаныч тартуулады. Жашасын уюткулуу элдин улуу тили», — деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Анда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тарыхый сапардагы маанилүү маалымат катары Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачылары айтылды. Нурланбек Шакиев аталган демилгеге жогору баасын берип: «Байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ. Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз», – деди.

Өз кезегинде Улуу Британиянын парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт да өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, биргешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.