Социалдык тармактарда окуучуларды указка менен урган мугалимдин видеосу тарады.
Маалыматка караганда, видео 12-апрель күнү Жалал-Абад облусундагы Жерге-Тал айылындагы №11 Мария Орозалиева атындагы мектепте тартылган. Видеодогу агай физика сабагынан берери да айтылууда.
Видео тууралуу Билим берүү министрлиги маалымат бере элек.
Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт....
Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери Ардак грамота менен сыйланды. 10-июнда Бишкек шаарында өткөн футбол беттешинде коомдук тартипти...
Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдолууда. Аны президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көрүп чыкты. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/06/ak-ui.mp4
Кечээ, 11-июнда III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Дал...
Аттиң, муну менен биздин келечек муундарыбыздын алсыздыгын гана көрүүгө болот. Мындан да катуу тепки жеп жүрүп эле чоңойбодук беле?! Өлкөдө караган туткан эрмегибиз эле мугалим болуп калды го? Эх мугалим, мугалим качанга чейин кор болоор экенсиң?…
Атасы болушчаактын баласы ыйлаак дегендей, ата-энелер балдарына болушуп, балдардын тарбиясын бузуп жатышат. Мугалим эмес, ата-эне урса да интернетке чыгарышып, керек болсо ата-энесин да каматышат. Илгери мугалим уруп, ата-эне уруп эле тартиптүү болуп чоңоюшкан. Бул агайдын урганы дары балдарга. Азыркы балдардын тарбиясы өтө начар болуп баратат. Урганга аргасыз болосуң.
Рахмат

Эти сеники сөөгү меники деген принципти киргизиш керек.
Мугалимди колдойлу, тентек балдарды ошентип сабоо керек!!