Окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Ал эми 2021-жылдын 11-январы — үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү.