Дүйшөмбү, 27.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

14:16 27.04.2026
0
184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды
Президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 Жарлыгынын негизинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу ишке ашырылды. Жалпысынан билим берүү системасында 183 977 штаттык бирдик каралган.

Анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч жана орто кесиптик, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, окуу-методикалык түзүмдөрдүн жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институттарынын кызматкерлери камтылды.

Педагогдор менен катар эле техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин да эмгек акысы жогорулатылды. Бул чара билим берүү уюмдарынын туруктуу иштешин камсыз кылган бардык кызматкерлерди колдоого алуу жана алардын социалдык корголушун күчөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тартып эки эсеге көбөйдү. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык кабыл алынды. Жарлыкты ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин № 286 токтому кабыл алынды.

Токтомго ылайык, кызматтык окладдардын жана педагогикалык ставкалардын колдонуудагы өлчөмдөрүн 60 пайызга жогорулатуу каралган. Мындан тышкары билим берүү системасынын кызматкерлерине 15 000 сом, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт. Президенттик компенсация өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставка үчүн төлөнөт.

Эгерде педагогикалык жүктөм ставкадан аз болгон учурда компенсация кызматкердин иш жүзүндөгү жүктөмүнө жараша пропорционалдуу эсептелет. Ал эми жүктөм бир ставкага барабар же андан жогору болсо, төлөм бир ставка өлчөмүндө белгиленет. Жаңы эмгек акы төлөө шарттарында минималдык базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө сакталат жана ал эмгек акыны эсептөөнүн негизи болуп калат.

Мындан тышкары, мугалимдердин эмгек акысы билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, окумуштуулук даражасына, ардак наамдарына, квалификациялык категориясына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендигине байланыштуу кошумча төлөмдөр жана үстөктөр менен аныкталат. Мурда STEM багытындагы мугалимдерге өзүнчө коэффициент колдонулса, эми бардык мугалимдер үчүн бирдей коэффициент киргизилди.

Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысына квалификациялык категориясы үчүн ай сайын үстөктөр төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1. жогорку категория үчүн – 5 000 сом;
2. биринчи категория үчүн – 3 000 сом;
3. экинчи категория үчүн – 2 000 сом.

Төмөндө эмгек акы жогорулаганга чейинки жана андан кийинки мисалдар келтирилет:
1) Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу №16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими. Жогорку билимдүү, магистр даражасына ээ, 16 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар, жумасына 19 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчи болуп саналат.
Мурда:
— эсептелген эмгек акы: 33 223,53 сом
— колуна тийгени: 26 644 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 49 964 сом
— президенттик компенсация: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акы: 64 964 сом
— колуна тийгени: 56 771 сом
Өсүш: +30 127 сом
2) Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №10 Кок-Арт орто мектебинин математика мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 16 жылдык педагогикалык стажы бар, жумасына 20 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 32 640,95 сом
— колуна тийгени: 26 178 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 43 775 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 58 775 сом
— колуна тийгени: 51 685 сом
Өсүш: +21754 сом
3) Нарын облусунун Ат-Башы районунун Адыранов атындагы орто мектептин 5-11- класстарынын кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 13 жылдык педагогикалык стажы бар. Жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 42 975,12 сом
— колуна тийгени: 34 445 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 67 917 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 82 917 сом
— колуна тийгени: 67 004,4 сом
Өсүш: +32 559 сом
4) Нарын облусунун Ат-Башы районунун Адыранов атындагы орто мектептин 5-11-класстарынын биология мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 13 жылдык педагогикалык стажы бар. Жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 49 353,69 сом
— колуна тийгени: 39 545 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 69 043 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 84 043 сом
— колуна тийгени: 67 655,0 сом
Өсүш: +28 110 сом

Мектеп директору буга чейин колуна 18 202 сом алып келсе, эми 41 273 сом ала баштайт. Директордун орун басары мурда колуна 16 383 сом алса, эми 38 363 сом алат. Мектептин социалдык педагогу мурда 12 511 сом алса, эми 32 168 сом алат.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бала бакча директору буга чейин колуна 23 285 сом алып келсе, эми 56 676 сом ала баштайт. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бала бакчанын тарбиячысы 1,08 ставка менен мурда 23 940 сом алса, эми 48 897 сом алат.

Кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуу устаты 1 ставка менен буга чейин колуна 23 462 сом алып келсе, эми 49 689 сом алат.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча орточо эмгек акы 42 948 сомду түзөт, ал эми билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы жогорулатылгандан кийин 50 551 сомго жетет.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:13 27.04.2026
0

Энергетика министрлиги «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул...

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:17 27.04.2026
0

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды. Чечим Кыргыз...

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:30 25.04.2026
8

Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

15:14 27.04.2026
Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

14:54 27.04.2026
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү