Өлкөдө аялдар үй жумуштарына күнүнө 4 сааттан ашык убакыт коротушат

Жыл сайын республикада 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат. Улуттук статистикалык комитет тараткан кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык фондунун 4 пайызга жакын түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.

Ошол эле учурда айыл жана шаар жерлериндеги аялдардын ортосунда олуттуу айырма бар. Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштырмалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат. Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат убакыт сарпташат.

Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.