Өлкөдө «балага сүйүнчү» берилбей жатканы боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайга «балага сүйүнчү» берилбей жаткан себебин түшүндүрдү.

«Борборлоштурулган төлөм базасынын жаңылануусуна байланыштуу төлөм убактылуу токтотулган, которуу келерки жылдын башында системаны кайра жүктөө аяктагандан кийин башталат. Билдирмелер толугу менен кабыл алынып жатат», — деп берилет билдирүүдө.