Өлкөдө жыл башынан бери 1173 жол кырсыгы катталып, 82 адам көз жумду

Жыл башынан тартып, жол кырсыгынан көз жумгандардын саны 24,1 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.

1-январдан тартып 17-мартка чейин өлкө аймагында 1173 жол унаа кырсыгы катталып, 1673 жаран ар кандай жаракаттарды алып, 82 жаран көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жаракат алгандардын саны 8,5 пайызга, көз жумган жарандарыбыздын саны 24,1 пайызга азайган.

Ал эми өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктары жыл башынан тартып, 245 жолу катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 15,2 пайызга, жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, ал эми жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга азайган.