Биздин пландар боюнча орто мөөнөттүү тариф саясаты октябрь айынын башынан тарта киргизилет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, документ жаздан бери талкууланып келет. Ага өзгөртүү киргизилди, эми орто мөөнөттүү тариф саясаты президенттик администрацияда жана Министрлер кабинетинде талкууланып жатат. «Эгерде документ октябрдын башында күчүнө кирсе, анда айдын аягында — ноябрдын башында электр, ысык суу жана жылуулук үчүн жаңы эсептер келет», — деди ал.












