Өлкөдөгү аномалдуу суукта абанын температурасы канча градуска чейин жетет?

9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

12-13-январларда абанын температурасы мындан да төмөндөйт: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.