2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына расмий түрдө стипендия берүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
«Биз бүгүн тарыхый чечимдин күбөсү болуп турабыз. Бул кадам – ар бир имамга, ар бир дин кызматкерине: «Сен жалгыз эмессиң. Эл, мамлекет, муфтият сенин жаныңда» деген билдирүү. Имам – бул жөн гана намазга өтүп койгон киши эмес. Ал – коомдун руханий күзөтчүсү, улуттук аң-сезимди ойготкон жетекчи. Анын тили – элдин руханий жаатын өзгөртөт, үгүтү – тынчтыкты сактайт, көз карашы – жаштарды багыттайт. Биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал бүтүндөй бир коомдун аң-сезимин түптөйт. Биз имамга жөлөк болуп берсек, ал бүтүндөй элдин ишенимин туура нукка багыттайт. Бул кадам – акыйкатта, элдин келечегине салынган руханий пайдубал», – деди муфтий.