Өлкөдөгү маданий объектилер 2-3 жылдын ичинде бюджеттин эсебинен оңдолуп, же кайрадан курулат

Кечээ, 17-февралда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Анын айтымында, маданий объектилер 2-3 жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп, же кайрадан курулат. «Мамлекет башчы маданият, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү жана колдоо үчүн кошумча финансы каражаттары бөлүнөрүн белгиледи. Биз таланттардын жаңы толкунун жаратып, театрдын жаш артисттерин чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө даярбыз. Театр сахнасында жаңы спектаклдер үзгүлтүксүз пайда болушу маанилүү. Мындан тышкары, театрларда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чараларын көрүү зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

Быйыл 6,5 миң кишиге ылайыкталган спорт аянтчасын, оор атлетика залын куруу пландалууда, мамлекеттик социалдык заказдарга 300 миллион сом бөлүнөт. Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле жаш жазуучулардын жана акындардын чыгармалары жарыялана турган «Ала-Тоо» журналына бюджеттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.