Өлкөдөн минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

hand of a farmer giving fertilizer to young baby plants seedling in germination sequence on fertile soil with natural green background

Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Ал алты айлык мөөнөткө деп айтылды. Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган.