5-августка карата Кыргызстан боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 пайызын түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.
«Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 миллион адамды түзөт»,— деп айтылат маалыматта.