Өлкөнүн түштүк аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 20-май күнү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлөт.

Чарбактарды, турак үйлөрдү кыян, сел сууларынын каптоонун алдын алып, дренаждык каналдардын, суу агуучу арыктарды тазалап, тереңдетип казууну ӨКМ сунуштайт.