Өлүм алдында жатып, 5 жаштагы кызын көрүүнү тиленген келин көз жумду

Рак оорусунун оор түрү менен жабыркаган кыргызстандык Алина Батурова 5 жаштагы кызы менен көрүшпөй көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге «Вместе ради жизни» борборунун директору Шайыр Сагынбаева билдирди.

Ал өлүм менен күрөшүп жатып, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жашаган беш жаштагы кызы Инжу Батурованы көрүүнү кыялданган эле. Бирок Кордайдагы жолдошу келинден кабар албай, кызын көрсөтпөй жатканы маалым болгон. Бул иштен Тышкы иштер министрлиги да четте калбай, жолдошу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришкен эле.

Алина Батурова IV стадиядагы эмчек рагы менен жабыркап келген. Метастаздар анын мээсине, бооруна жана өпкөсүнө тарап кеткен. Мындан тышкары, анын ар төрт саат сайын морфин колдонору да айтылган.