Өмүрбек Текебаев жубайы менен Германияда сүмөлөк аралаштырып, тилек айткан видео тарады

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаева менен сүмөлөк аралаштырып, тилек айткан видео жарыялады.

«Берлинде казан асып, сүмөлөк бышырып Ноорузду белгиледик. Нооруз — элдик майрам. Нооруз — жаңылануунун, жакшы тилек, ак ниет, жаңы үмүттөрдүн майрамы. Элибизге токчулук, тынччылык, аманчылык, ынтымак каалайм! Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!» — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.