Өмүрбек Текебаевге кол салуу. Токмоктун депутаты Чолпон Сыдыкова суракка чакыртылды

Кол салгандар тууралуу маалымат берген Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова суракка чакырылды. Бул тууралуу парламент жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. 

Депутат Айсулуу Мамашова Ички иштер министрлигинен Чолпон Сыдыкованын коопсуздугун камсыздоону суранды. «Биз анын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Кантсе да, Токмок шаарынын мэринин аты ошол жерде айтылып жатат», — деди ал.

Бүгүн соцтармактарга видео тараганы маалым. Анда Токмок шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видеодон Токмок шаардык кеңештин депутаты Анарбек Маликов экенин тааныганын айткан.