“Өмүрдү сакта. Баңгизаттар тууралуу фактылар менен бөлүш” акциясы өттү

Республикалык психиатрия жана наркология борбору “Өмүрдү сакта. Баңгизаттар тууралуу фактылар менен бөлүш” акциясын өткөрдү. Акция баңгизатка байланыштуу маалыматтарды бурмалабоо жана жана баңгизаттар тууралуу фактылар менен алмашууга  багытталган. Кампания Бүткүл дүйнөлүк баңгизаттарды пайдалануу жана аны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнө арналып өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Бишкек шаарындагы «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында өттү. Акциянын максаты — коомчулуктун көңүлүн баңгизаттарга байланышкан көйгөйлөргө буруу, ошондой эле калкты психоактивдүү заттардын терс таасири тууралуу  маалым кылуу. Акцияга белгилүү блогерлер, бийчилер катышып, интерактив уюштурулуп, викториналарга активдүү катышкандар түрдүү белектерге ээ болушту.

Бүгүнкү күнгө карата аталган борбордун каттоосунда баңгизаттан көз каранды 8226 адам расмий каттоодо турат. Алардын 474ү аялдар.